Казакстандын экономикалык өсүшү 4,4 пайызды түздү

Казакстандын экономикасынын өсүшү 11 айда 4,4 пайызды түздү. Өкмөт өлкөнүн коомдук-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгын чыгарды. Улуттук экономика министри Руслан Даленовдун айтымында, өсүшкө негизинен башкы тармактардагы өндүрүштүн өсүшү, кызмат көрсөтүү тармагынын өнүгүшү менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу себеп болгон. Курулуш, соода, унаа тармактарында жана иштетүү тармактарында оң жигердүүлүк байкалууда.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, РК УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Ушул жана алдыдагы мезгилдерде борбордук жана жергиликтүү аткаруучу органдар төмөндөгүдөй аспектерге терең маани бериши керек. Инвестициялык долбоорлор пулун ишке ашыруу. Чакан жана орто бизнести жандандыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу. Кийинки жылдан баштап чакан жана кичи бизнести текшерүүгө мораторий киргизилет.

Фото: primeminister.kz