Казакстанда жасалган таттуу өнүмдөр чоң суроо-талапка ээ

Казакстандын шоколад менен кондитердик өнүмдөр экспортунун быйылкы кирешеси 63 миллион АКШ долларынан ашты. Тармак адистеринин айтымында, Казакстанда жасалган таттуу өнүмдөр коңшу Орусия жана Борбор Азия мамлекеттеринде чоң суроо-талапка ээ.

РУСЛАН АМАНОВ, КРНЫН АШМ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ДЕПАРТАМЕНТИНИН ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

-2019-жылдын тогуз айында шоколад экспортунан түшкөн пайда 21 миллион АКШ долларына жетти. 9,1 миллион доллардын өнүмү Орусияга жиберилсе, Кыргыз өлкөсүнө жиберилген экспорт 2,2 миллион долларды түздү. Ал эми кондитердик өнүмдөргө келе турган болсок, экспорт көлөмү 42,6 миллион доллар болду. Бул жагынан алганда Орусия көч башында. Бул чек аралаш мамлекеттин үлүшүнө 16,7 миллион доллардын өнүмү тиешелүү. Кыргызстанга 2,2 жана Өзбекстан мамлекетине наркы 1 миллион долларга жакын өнүм экспорттолду. Жыл сайын ата мекендик шоколад менен кондитердик өнүмдөргө суроо-талап жогорулап келгени байкалууда. Казакстанда жасалган өнүмдөр Европа Биримдик өлкөлөрүндө да кездешет.

Адистердин айтымында, ата мекендик кондитерлер баштапкы өнүмүн өткөрүү үчүн жаңы базарларды багындырууга киришкен. Алсак, Костанай аймагында жайгашкан алдыңкы ишканалардын бири өз өнүмдөрүн Кытай рыногуна чыгара баштады. Кытай Эл Республикасына экспорттоо фабрика кирешесин 3 эсеге арттырат. Ал эми жалпы өндүрүш көлөмү 40 пайызга чейин өскөн. 

КОНСТАНТИН ЛИСНЯК, КОНДИТЕРДИК ФАБРИКАНЫН САТУУ БОЮНЧА МҮДҮРҮ:

-Фабрика кондитердик өнүмдүн 300дөн ашык түрүн чыгарат. Таттуу токочтор, шоколад менен таттууга суроо-талап жакшы.

Учурда Казакстанда жасалган бул өнүмдөр өлкөнүн башкы бренддеринин бирине айланды. Чет өлкөгө жол тартканда таттуу базарлык алып баруу казакстандыктардын калыптанган салттарынын бири болуп саналат.

БЛИЦ:

- Мен казакстандык шоколадды тез-тез сатып алам. Анткени анын даамы жакшы.

- Мен бүгүн эс алуудан кийин чет элдеги окуума кайтууга камданып жатам. Сапарга чыгар алдында адатта казакстандык шоколадды колдон келишинче көбүрөөк сатып алууга аракет кылам. Анткени чет элдик досторум аны жакшы көрөт.

- «Казакстан» - бул биздин белгилүү шоколад. Чет өлкөгө чыкканда сөзсүз түрдө сатып алам.

Ата мекендик шоколад чет элде чоң суроо-талапка ээ. Ал өзгөчө даамы менен көпчүлүктү өзүнө тартат. Чет элдиктер аны таттуу даамы үчүн эле тандабайт. Жергиликтүү өнүм организмге пайдалуу витаминдерге да бай.

АЙГЕРИМ АКИМЖАНОВА, КАБАРЧЫ:

-Мээнин иштешин жакшыртып, ойлоо жөндөмүн арттырат. Органимздеги глюкоза менен липиддердин деңгээлин азайтып, жүрөк оорулары коркунучун алдын алат. Мунун баары шоколаддын пайдасы дешет адистер. Бирок аны чектен ашык жегенге болбойт. Күнүнө 50 грам организмге өз пайдасын тийгизет.

Белгилей кетсек, 2019-жылы казакстандан экспорттолгон бардык товарлардын тогуз пайызы шоколад менен кондитердик өнүмдөрдүн үлүшүнө туура келет. Суроо-талап бар. Өнүдүрүш көлөмүн арттыруунун дарамети зор. Ошондуктан бул өнүмдү чыгаруунун көлөмү дагы да жогорулайт дешет адистер.

Фото: rus.azattyq-ruhy.kz