Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы товар алмашуу 530 миллион долларды түздү

Казакстан менен Кыргызстан коңшу эле эмес, стратегиялык өнөктөш. Быйылкы жылы республикалар ортосундагы товар алмашуу 530 миллион долларды түздү. Келечекте бул көрсөткүчтү бир миллиард долларга чейин жеткирүү көздөлүүдө.

Бүгүнкү күндө Казакстан менен Кыргызстанда 1100 биргелешкен ишкана бар. Антон Рипп өз ара иштешүүнүн бардык тарабын мыкты билген ишкерлердин бири. Анын өндүрүшү 6 жыл ичинде бир нече эсеге көбөйүп, рыноктордо өз ордун табууга жетишти.

АНТОН РИПП, КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Мен биздин рынокто кардар сапаттуу жылуулатылган объект эсебинен акча үнөмдөп калууга мүмкүндүк бере турган эч кандай материал жок экенин жана ошону менен катар эле, мындай материалдар Казакстандын рыногунда да жок экенин түшүндүм.

Казакстанда кыргызстандык жүздөй ишкана иштесе, ал эми Кыргызстанда Казакстандын ишканалары он эсеге көп. Кызматташуунун тармактары ар түрдүү.

ЗАЙНИДИН ЖУМАЛИЕВ, КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН АЙМАК АРАЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Айыл чарба азыктары, кайра иштетүү жана эт азыктары, ошондой эле соода менен алектенген абдан көп ишканалар бар. Соода алмашуу жыл сайын өсүп келет.

Серепчилердин айтуусунда, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын өнүгүшүнө ЕАЭБдеги биргелешкен иштер менен бажы салыгын алып салуу да өбөлгө болду. Кыргызстандын экономика министрлиги соода алмашуу мурдагы жылдарга караганда 2018-жылы 10 пайызга өскөнүн белгилеген.

Быйылкы жылы дагы 12  пайызга жогорулады. Адистердин божомолунда мындай динамика 2020-жылы да уланат.

Фото: ia-centr.ru