Казакстандын эмерек өндүрүшү жигердүү өнүгүүдө

Казакстандын эмерек өндүрүшү жигердүү өнүгүүдө

Казакстандын эмерек өндүрүшү жигердүү өнүгүүдө. Акыркы беш айдын ичинде эле бул тармактын өлкө рыногундагы үлүшү беш пайызга өсүп, ички суроо-талаптын үчтөн биринен ашуунун камтыды.

Мындай өсүшкө быйылкы жылдын теке айынан ата мекендик өндүрүүчүлөргө тапшырыла баштаган индустриалдык сертификат түрткү берип, жергиликтүү өнүмдүн атаандаштыккка туруктуу болушуна жол ачты. Бул документ ишкананын Казакстандын аймагында иштеп жатканын тастыктайт. Ушунун негизинде өндүрүүчү мамлекеттик тапшырманы аткарууга мүмкүнчүлүк алат. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү эмеректин болгону 28 пайызы ата мекендик өнүмдү түзөт.

Серепчилердин пикиринде, жаңы система ички рынокту 80 пайызга чейин камсыз кылууга шарт түзөт. Жалпы, өлкөдө миңден ашуун эмерек чыгара турган ишкана катталган. Тармактын кирешеси 142 миллиард теңгени түзөт.

КАРЛЫГАШ БАЙБАТШАНОВА, ИШКЕР:

- Теке айынын биринен бери биздин кубаттуулук нөлдөн 70 пайызга көтөрүлдү. Азыркы тапта 70-80 пайыздай өндүрүштүк күчтү пайдаланып жатабыз. Мүмкүнчүлүктөрдү дагы да жогорулатууга болот. Индустриалдык сертификат жараяны өз жемишин берүүдө. Бизде болжол менен 12-18 жумуш орду болгон, бул көрсөткүчтү 30га чейин жеткирдик. Алдыдагы маселе адис таңсыктыгын чечүү.

КАНАТ ЫБРАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМЕРЕК ЖАНА ЖЫГАЧ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Тармакты жакшыртуунун бардык өбөлгөлөрү бар. Түзүлүп жаткан бул мүмкүнчүлүктөрдү казакстандык өндүрүүчүлөргө болушунча жеткирүү керек. Мамлекеттин көрсөткөн ушундай колдоосуна өз учурубузда кандай жооп бере алабыз? Ушуну ойлонуу керек. Биз жапырт эмерек өнүмдөрүн комплекстүү өндүрүш жолуна салышыз зарыл. Бул эң биринчи кошумча чыгашаларды азайтат. Өз учурунда өнүмдүн баасы төмөндөйт. Ошондой эле, экспортко чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Натыйжасында ишканаларда дүйнөлүк тренддерди киргизип, жаңы буюмдарды жасоого болот. Бул сапат көрсөткүчтөрдүн жакшырышына түрткү берет.

Фото: uglc.ru