Казакстандык жеңил өнөр жайдын өндүрүштүк көлөмү өсүүдө

Казакстандык жеңил өнөр жайдын өндүрүштүк көлөмү быйылкы жылга мерчемделген көрсөткүчтөн ашыгы менен аткарылды. Бул багытта жылдык көрсөткүч 105 пайызды түзүшү керек болсо, бүгүнкү күндө анын көлөмү 120 пайызга жеткен.

Жалпы 2019-жылдын алгачкы 10 айында эле 76,2 миллиард теңгелик өнүм чыгарылган. Өсүш 20 пайыздын тегерегинде. Анын көп бөлүгү токуу өндүрүшүнүн карамагында. Бул багыт тармактын жарымын түзөт. Кийим-кече өндүрүшүндө жети жарым пайыздык өсүм бар. Азыркы тапта жеңил өнөр жай рынок суроо-талабынын 15 пайызын камтып жатат. Сыртка 129 миллион долларлык өнүм экспорттолгон. «Жөнөкөй заттардын экономикасы» аттуу программанын алкагында жалпы баасы 4,3 миллиард теңге болгон 21 долбоор каржыланды. Тармакты өнүктүрүү багытына да 2021-жылга чейинки атайын жол карта түзүлдү. Документте 50гө жакын иш-чара көздөлгөн.

БАХЫТЖАН САПИЕВ, ИИӨМ ИНДУСТРИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙЛЫК КООПСУЗДУК КОМИТЕТ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- «Жөнөкөй заттардын экономикасы» аттуу программанын алкагында пахта чийки затынан баштап бир нече долбоорду ишке ашырууну көздөп жатабыз. Жол картанын алкагында аларды 15 пайызга чейин субсидиялоо мерчемделген. Даяр өнүм менен бирге өндүрүшкө керектүү болгон чийки зат менен майда заттарды чыгарууну да колго алабыз. Өзүбүздө жок костюм сыяктуу кийим-кечелерди тигүүгө арналган заманбап кезедемелерди даярдайбыз.

Фото: zakon.kz