Казакстан менен Корея өз ара товар алмашууну көбөйтөт

2019-жылы Казакстан менен Корея өлкөлөрү өз ара товар алмашууну рекорддук көрсөткүчкө жеткирүүгө кызыктар.

Быйылкы жылдын тогуз айында эле эки тараптуу соода көлөмү 3 миллиард доллардан ашты. Жыл соңуна чейин бул сумманы эселентүү көздөлүп жатат. Былтыр жыл жыйынтыгы боюнча соода-сатык наркы 2,2 миллиард долларды түзгөн. Экспорт менен импорттун деңгээли теңделди дешет адистер. Казакстанга кореялык электрондуу куралдар менен транспорт жабдыктары ташылып келинсе, Корея өлкөсүнө негизинен уран менен мунай жеткирилет. Бул үлүштүн жылдан жылга өсүп келе жаткандыгынан кабар берет.

КИМ ДЭСИК, КАЗАКСТАНДАГЫ КОРЕЯ ЭЛЧИСИ:

- Корея өлкөсү Казакстан Республикасынан 2017-жылдан бери мунай өнүмдөрүн импорттой баштады. 2018-жылы наркы 900 миллион долларды түзгөн көлөмү экспорттолду. Негизинен бул Корея өлкөсү Казакстандан сатып алган мунайдын үчтөн бир гана бөлүгү. Чындыгында анын баасы 4 миллиард долларды түзүүгө тийиш. Биздин өлкө статистикасына ылайык Казакстандан түз жеткирилген өнүм гана киргизилет. Калганы Орусия аймагы аркылуу өткөн соң, ошол өлкөнүн экспорту деп белгиленет. Азыр бул жагын эске алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Фото: baigenews.kz