Дүйнөлүк банк менен Казакстандын АЧМ мал чарбачылыгын өнүктүрүү долбоорун ишке ашырат

Дүйнөлүк банк жана Казакстандын айыл чарба министрлиги 2020-2024-жылдарга карата мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү долбоорун ишке киргизет.

Ал казакстандык фермерлерге аймактагы эттин негизги экспорттоочулары болууга мүмкүндүк берет деп болжолдонууда. Программа ошондой эле фермердик чарбалардын санын көбөйтүүгө жана тармактын өнүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Дүйнөлүк банк белгилегендей, насыянын суммасы 500 миллион долларга чейин жетет. Долбоор АӨК өнүктүрүү мамлекеттик программасы жана эт мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууга колдоо көрсөтөт.

АРТАВАЗД АКОПЯН, ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН АЙЫЛ ЧАРБАЧЫЛЫК БОЮНЧА АГА ЭКОНОМИСТИ:

- Дүйнөлүк банктын насыясы белгилүү бир индикаторлорду өнүктүрүүгө берилет. Мисалы, айыл жеринде жаңы чакан жана орто дыйкан чарбаларды түзүү, чакан жана орто ишкерлерди окутуу аркылуу эт мал чарбасын өнүктүрүү. Бул ветеринария ишин жакшыртат, эт азыктарынын сапатын контролдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, долбоордун алкагында жайыт жерлерди, тоют базасын жакшыртуу үчүн инвестициялар каралган.

Фото: kapital.kz