Нур-Султанда Казакстан-Италия бизнес-форуму өттү

Нур-Султан шаарында энергетика, жашыл экономика, айыл чарбачылыгы, мунай-химия жана кайра иштетүү өнөр жай тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү маселелери биринчи Казакстан-Италия форумунда талкууланды. Ага ишкердик топтордун, чет элдик жана улуттук компаниялардын 200дөн ашык өкүлү катышты.

Италиялык инвесторлордун айтымында, Казакстан бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүүдө. Ал эми форумдун өзү эки мамлекеттин соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүүгө чоң түрткү болот.

САЛЬВАТОРЕ ПАРАНО, РКНЫН ИТАЛИЯ ЭЛЧИЛИГИНИН СООДА АЛМАШУУНУ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Бул жолугушуу дагы бир жолу Казакстан менен Италия ортосунда жагымдуу ишкер мамилелердин деңгээлин баса белгилейт. Биз Казакстандын экономиканы ар тараптандыруу багытындагы күч-аракетин толук колдойбуз. Италияда биздин казакстандык өнөктөштөр менен бөлүшүүгө даяр болгон бир катар технологиялык чечимдер, ноу-хаулар бар.

ЕРЛАН ХАИРОВ, РКНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ӨЗГӨЧӨ ТАПШЫРМАЛАР БОЮНЧА ЭЛЧИСИ:

- Чындыгында жигердүү иштеп жаткан компаниялардын 400дөн ашууну катталган. Алар ар кандай чөйрөлөрдө иштейт. Бул соода жана кызмат көрсөтүү, анын ичинде мунай тейлөөсү. Жалпысынан Италия 2005-жылдан баштап 6 миллиарддан ашык инвестиция салды.

Фото: Etoday.kz