Казакстан менен Кореянын кызматташтыгы

Казакстан менен Корея өлкөлөрүнүн карым-катнашы жаңы деңгээлге чыкты.

Эки тараптын кызматташтык дараметинин мейкиндигин кеңейтүүдө «Самал жел» аттуу жаңы экономикалык кызматташтык программасына чоң ишеним артылууда. Аталган документке чын куран айынын соңунда Корея президенти Мун Чжэ Индин Казакстанга жасаган иш сапары алкагында кол коюлганы белгилүү.

Анда 2020-жылга чейин 58 долбоордон турган 10 багыт боюнча комплекстүү чаралар камтылган. Программа эки өлкөнүн экономикалык карым-катнашын жакшыртуу менен катар, ден соолук, билим берүү жана маданият сыяктуу социалдык тармактардагы байланышты бекемдөөнү көздөйт.

КИМ ДЭСИК, КАЗАКСТАНДАГЫ КОРЕЯ ЭЛЧИСИ

- «Самал жел» программасын ишке ашыруу үчүн эки өлкө ортосунда аяк оона айынын соңунда биргелешкен жумушчу тобу түзүлдү. Анын аянты кең. Салттуу айыл чарбачылыгынан баштап, маданий багытка чейин жашыл экономика менен заманбап технологияларды өнүктүрүү. Мисалы үстүбүздөгү айда ден соолук тармагы боюнча атайын топтун отуруму өттү. Анда Казакстандын аймагында диагностикалык борборлорду куруу, медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү, дары-дармектерди өндүрүү, тармактын адистерин даярдоо, мыкты үлгүдөгү медициналык жабдууларды орнотуу боюнча макулдашуулар түзүлгөн.

Фото: baigenews.kz