Корея Казакстанга инвестиция салууга кызыктар

Корея Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанга эң көп инвестиция салат.

Бүгүнкү күнгө чейин аталган өлкөдөн жергиликтүү экономикага салынган каржы көлөмү 4 миллиарды түзгөн. Бул аймакка багытталган корей капиталынын 70 пайызын түзөт. Азыркы убакта тараптар ортосунда жалпы наркы 7,2 миллиард долларды түзгөн индустрия-инновациялык 40 долбоорду ишке ашыруу көздөлгөн. Ал бардык тармактарды камтыйт. Инфраструктуралык курулушту өнүктүрүү, мунай кендерин иштетүү, өндүрүш менен турак-жай курулушу, чекене жана дүң соода боюнча жаңы демилгелер колго алынат. Алматы шаарынын айланма таш жолун төшөөгө кореялык компания тартылат. Жакынкы арада биргелешкен транспорт чогултуу заводун ачуу планда бар.

КИМ ДЭСИК, КАЗАКСТАНДАГЫ КОРЕЯ ЭЛЧИСИ:

- Азыркы учурда саламаттыкты сактоо тармагындагы байланыш бекемдеп келет. Буга кошумча инфраструктуралык курулуш долбоорлору бир темпте өнүгүүдө. Азыр бул тармакка басым жасалып жатат. Соңку мезгилде Казакстандын жаратылыш ресурстарын сактоо, аны үнөмдөө жана энергетика жаатында энергиянын натыйжалуу булактарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондуктан алдыдагы убакытта Корея компаниялары ушул багыттар боюнча инвестиция салууга ниеттенип жатат.

Фото: kazakhnews.kz