Казакстандык шарап өндүрүүчүлөр Кытай рыногуна чыкты

Казакстандык шарап өндүрүүчүлөр Кытай рыногуна чыкты. Алдыңкы ата мекендик ишканалардын бири өз өнүмүн Кытай Эл Республикасына жеткире баштады. Максаты – экспорт көлөмүн жогорулатуу. Казакстанда чыгарылган шарап түрлөрү учурда Орусия жана Европа мамлекеттеринде чоң суроо талапка ээ экендигин айта кетүү зарыл.

ДАНА КУРМАНГАЛИЕВА, ШАРАП ӨНДҮРҮШ КОМПАНИЯСЫНЫН МЕНЕДЖЕРИ

– Өзүбүздүн салттуу шарап түрлөрүн сунуштап жатабыз. Анын экөө негизги болсо, төртөө классикалык үлгүдө жасалат. Ошондой эле, фонд классындагы шараптар. Жалпы Кытай рыногуна 10 түрүн чыгарууну көздөп жатабыз.

Ата мекендик заводдун техникалык процесси дүйнөлүк стандарттарга толук жооп берет. Мында заманбап жабдуулар орнотулган. Албетте өнүмдүн сапаты чийки затка да тиешелүү дешет адистер. Ошондуктан жүзүм сортторун тандоого чоң көңүл бурулат.

АННЕМАРИ ФОЙДЛ, АВСТРИЯЛЫК СОМЕЛЬЕ БИРИКМЕСИНИН ПРЕЗИДЕНТИ

- Менин оюмча, бул өнүмдөр кытайлык керектөөчүлөргө жагат. Анткени  мындай суусундук түрлөрү  алардын каалоосуна төп келет. Ал эми жүзүмдүн рислинг сортунан жасалган шарап түрлөрүн алсак, кытайлыктар анын кычкылдыгын жактыра беришпейт. Ал эми казакстандык түрүнүн даамы анча кычкыл эмес.

Казакстандык ишкерлер кайра жаңыртылган Улуу Жибек жолу долбооруна чоң ишеним артууда. Муну менен экспорттун дараметин арттырып, географиясын кеңейтүү көздөлгөн. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр баштапкы өнүмдүн даамын мүмкүн болушунча көбүрөөк таанытуу аркылуу жаңы рынокторго жол ачууга кызыктар.

Фото: elitar.kz