Казакстандагы элеттик аялдардын II форуму

Айылдарды жана айылдык аймактарды туруктуу өнүктүрүү, аялдар ишкердигин илгерилетүү жана социалдык маселелерди чечүүдө айымдардын жигердүү катышуусу аркылуу бакубаттуулукту жогорулатуу, жашоо сапатын жакшыртуу. Ушул жана башка маанилүү маселелер Нур-Султандагы элеттик аялдардын экинчи форумунда талкууланууда. 

Ага республиканын бардык аймактарынан жана беш мамлекеттен: Орусия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан менен Түркиядан келген 300гө жакын делегат катышууда. Эки күн ичинде серепчилер, ишкерлер жана саясатчылар элеттеги бизнес-идеяларды колдоонун натыйжалуу механизмдерин жана суроо-талапка ээ болгон долбоорлорду аныктоого ниеттенишүүдө.  Делегаттар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, алыскы аймактарды ийгиликтүү өнүктүрүүнүн формуласын чыгарышат.

САЛТАНАТ РАХИМБЕКОВА, “ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА ҮЧҮН КОАЛИЦИЯСЫ” ЖАНА G-GLOBAL ӨНҮКТҮРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Бизде Казакстан аялдарынын агрардык биримдиги түзүлгөн, ошону менен бирге биз элеттик кыймылды түздүк. Биздин кыймылдын максаты - эң алгач элет аялдарынын мартабасын көтөрүү. Биздин делегаттардын арасында айыл чарбасындагы инновациялык ыкмалар, инновациялык долбоорлор тууралуу сүйлөгөн, аялдар башкарган ири бизнес-түзүмдөр бар.

ЮЛИЯ САМОЙЛОВА, ОРУСИЯДАГЫ АЙЫЛДЫК АЯЛДАР БИРИКМЕСИНИН ӨКҮЛҮ:

- Мындай форумдардын мааниси чоң, бул биздин өлкөнүн экономикасын жана айыл чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.  Дыйкан чарбаларын уюштуруу планда бар. Алар бакча, жашылча-жемиш чарбалары менен алектенишет. Элетте дал ушундай чарбалар жетишпейт, башкача айтканда, кандайдыр бир майда чарабалар олуттуу жетишкендиктерге жеткен. Ийгиликтүү чарбаларды өзүбүзгө үлгү катары алгыбыз келет. 

Фото: zakon.kz