Казакстандык ишканалар Шанхайда өткөн көргөзмөгө катышты

30дан ашык казакстандык ишкана Кытай керектөөчүлөрүнө өз өнүмдөрүн Шанхайда өтүп жаткан “Импорт ЕХРО 2019” экинчи эл аралык көргөзмөсүнө койду. Өз товарларын тааныштыргандардын арасында Кытайдын сатып алуучулары менен кызматташкандар да бар. Мисалы, бул завод жылына миллиард литрге жакын табигый шире менен суусундук чыгарат. 10 жылдын ичинде бул жерде Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Орусияга жеткирүүлөр жөнгө салынган. Эми КЭРдин катышуусун кеңейтүүгө ниеттенишүүдө.

ИВАН ПИРОГОВ, СУУСУНДУКТАР МЕНЕН ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА ЭКСПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА КОМПАНИЯНЫН МҮДҮРҮ:

- Биз Кытай аймагында бренддерибизди өнүктүрүүгө даяр боло турган бир нече өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жөнөтүү боюнча шарттарды макулдашабыз. Биздин бренддердин бир бөлүгү кантты пайдаланбастан даамын чыгарат. Ассортименттин көпчүлүк бөлүгү үчүн бизде тамактануу академиясынын сертификаты бар, ал 3 жаштан ашкан балдарга сунушталат.

Көргөзмөгө катышууга 200дөн ашык казакстандык ишкер каалоосун билдирген. Алардын ичинен мыкты 30 тандалды.

НУРАЛИ БУКЕХАН, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГА ОРУН БАСАРЫ:

- Акыркы 5 жылда Казакстанга Кытай өзүнүн ички рыногунун 17 товардык тобун ачты. Казакстан үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк.

СЕРИК КУСАИНОВ, КАЗАКСТАНДЫН МИИР ТЕХНИКАЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА МЕТРОЛОГИЯ КОМИТЕТИ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Кытай тарабынан импорттук товарларга коюла турган талаптар абдан оор, алардын рыногуна кирүү оңой эмес. Ошондуктан биз талаптарды, алардын мыйзамдарын кылдат изилдеп чыгабыз.

Мунун баары экспорттоочу компанияларга колдоо көрсөтүү үчүн. Стандартташтыруу борборунда аларга Кытай азыктарын ташып келүү эрежелери түшүндүрүлөт. Жыл соңуна чейин товарлардын ар бир түрү боюнча бардык иш аракет алгоритмин тааныштырууга убада берет. Серепчилер белгилешкендей, Кытай рыногуна жигердүү чыгуу Казакстандын Борбордук Азия регионунда органикалык тамак-аш өнүмүнүн алдыңкы өндүрүүчүсү катары дараметин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Фото: votpusk.ru