«Бизнестин жол картасы-2025» программасын колдоого 421 миллиард теңге бөлүнгөн

Жакынкы беш жылда Казакстан экономикасынын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы чакан жана орто бизнеске туура келет. Бул «Бизнестин жол картасы-2025» программасынын башкы максаты. Өкмөттө долбоорду ишке ашыруу талкууланды. Айта кетсек, бизнести колдоого 421 миллиард теңге бөлүнгөн. Бул өткөн беш жылга караганда бир жарым эсеге көп. Жыйынтыгында ИДӨдөгү чакан жана орто бизнестин үлүшүн 35 пайызга, иштеп чыгаруучу өнөр жайдагы үлүштү 13,4 пайызга жеткирүү каралууда. Жаңыдан иштелип чыккан долбоор ишкерлик жүргүзүү шартын жакшыртып, тоскоолдуктарды жоёт жана уруксат берүү документтеринин тизмесин кыскартат. Буга кошумча жеке ишкананын курулушун кеңейтүүгө арналган шыктандыруу чаралары күчөтүлөт.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Биринчиден, каражаттардын айлануусун насыялоо өлчөмү 60тан 360 миллион теңгеге чейин көбөйөт, каржылоо мүмкүнчүлүгү кеңеет. Бул үчүн микрокаржылык уюмдар тарабынан берилүүчү насыяларды субсидиялоо жана кепилдендирүү киргизилет. Программанын катышуучуларына карата жумуш менен камсыз кылуу жана салыктык түшүүлөрдү жогорулатуу талабы жакшыртылат. Бардык этаптарда ишкерлерди колдоо күчөтүлөт. Бул окутуу, насыя алуу жана колдоо үчүн документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү, сатып өткөрүүнү жолго коюу болуп саналат.

Фото: ottenlawfirm.com