Казакстан Азербайжанга экспорт көлөмүн көбөйттү

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 183 миллион долларды түздү. Муну менен Казакстан экспорту 22 пайызга өстү. Анын төрттөн бир бөлүгүн дан өсүмдүктөрү түзөт. Азербайжан бул жылы Казакстандан 58,5 миллион долларга ун сатып алды.

СААДАТ ГАДЖИЕВА, АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИН ӨКҮЛҮ:

- Казакстан – айыл чарба өнүмдөрү тармагында Азербайжандын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Соода мамилесинде негизги үлүш унга тиешелүү. 2019-жылдын 9 айында Казакстандан Азербайжанга 265 миң тонна ун импорттолду. Бул мурунку жыл менен салыштырганда 30 пайызга көп. Өткөн жылдын 9 айында 204 миң тонна ун импорттолгон.

Талдоочулар белгилегендей, жакшы көрсөткүчтөр экономикалык кызматташтыктын бардын тармактарында байкалат. Соода жүгүртүүдө бир гана айыл чарба өнүмдөрү эмес, жеңил өнөр жай товарлары, мунай-газ шаймандары бар. Бул көрсөткүчтөрдү дароо бир нече эсеге көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү бар, дешет экономисттер. 

 

ЭЛЬШАД МАМЕДОВ, ЭКОНОМИСТ:

- Жакынкы келечекте биз Казакстан менен экономиканын жогорку технологиялык тармактарында кызматташууга ниеттенип жатканыбызды белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономикада алдыңкы өсүштөрдү көрсөтүп жаткан тармактар боюнча. Менин оюмча, ушундай  траекторияга чыгып алсак, бир миллиард доллардык товар жүгүртүү көлөмү толук реалдуу болуп саналат.

Тараптар тамак-аш өнөр жайы, курулуш жана туризм жаатындагы ишкерлер менен жаңы байланыштарды түзүүнү көздөөдө. Эки өлкөдө тең жаңы соода жайларын ачуу күтүлүп жатат. Адистер, Казакстан менен Азербайжан ыңгайлуу географиялык жайгашуусун экономикалык өнөктөштүктө болушунча колдонушу керек деп эсептешет.  

Фото: minval.az