Казакстан-Беларусь бизнес форуму

Казакстан менен Беларусь ишкерлери кызматташтык маселелерин талкуулап, келечектүү долбоорлор жана тармактарды аныкташты.

Нур-Султан шаарында өткөн бизнес-форумга эки өлкөнүн ишкердик топторунун 200дөн ашуун өкүлү чогулду. Тараптар миллиондогон долларлык бир нече келишим түздү. Бул документтер негизинен фармацевтика, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, ошондой эле ІТ, машина куруу жана агро өнөр жай комплекси тармактарында ишке ашырыла турган долбоорлор. Акыркы жылдары республикалардын ортосундагы соода көлөмүнүн туруктуу өсүшү байкалганын белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө Казакстанда Беларусь капиталынын катышуусу менен 350гө жакын ишкана иштейт.

БАКЫТБЕК КАБЖАНОВ, «KAZAKH INVEST» УК ЭЛДИК МЕНЕДЖЕРИ:

- Казакстан Беларустан машина куруу, жеңил өнөр жай тармактары боюнча инвестиция күтүп жатат. Тескерисинче, Казакстанда каржы салууга даяр бир катар долбоорлор бар. Алар негизинен агро өнөр жай комплекси менен жеңил өнөр жайга тиешелүү. Быйыл жана кийинки жылы жүк унааларын куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мерчемде бар.

Фото: sputniknews.kz