Казакстандык буудай сорту чет элдик суроо-талапка ээ

Казакстандык буудайдын сорттору чет өлкөлүк аграрийлерде суроо-талапка ээ. Ал кургакчылыкка гана эмес, коркунучтуу ооруларга туруктуулугу менен айырмаланып тургандыгын чет өлкөлүк Айыл чарба өндүрүүчүлөр да белгилешет.

Айта кетсек, бул багыттагы иштер абдан жигердүү жүрүп жатат. Республикада дан эгиндеринин жаңы түрлөрү чыгарылат. Мындан республиканын илимий-изилдөө борборлору иштейт. Адистердин айтымында, айыл чарба өнүмдөрүнүн жаңы жогорку түшүмдүү сорттору да дүйнөлүк рынокто өз ордун тапкан.

КЕНЖЕ АБДУЛЛАЕВ,  БУУДАЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШТҮК БОРБОРУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз Орусия, Борбордук Азия менен иш алып барып жатабыз. Азыр бизди Кытай кызыктырып жатат. Акыркы учурда Италия менен да абдан чоң иш алып баруудабыз. 30 фермер келип биздин өнүмдүн сортторун көрдү. Биз ага жараша буудайдын катуу сортторун өстүрүүгө жана аларды экспорттко жөнөтөбүз.

ЖАНДОС КЕРИМКУЛОВ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН АГА ОКУТУУЧУСУ, ДОЛБООР АВТОРУ:

- “Егистик” онлайн-кызматынын жардамы менен казакстандык фермерлер кадастрдык номурун жазышат. Андан соң биз жайгашкан жерин аныктап, аны Европалык космостук агенттигине жиберебиз. Космостон алынган фотосүрөт аркылуу фермерлер анализ алышат. Ал хлорофил, азот  жана нымдуулук боюнча анализ берет. Кийинки жылы биз кызмат менен Орусия рыногун да өздөштүрүүнү көздөөдөбүз.

Ата мекендик жана чет элдик агро өнөр жай комплексинин жетишкендиктери Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө чыгарылды. Иш-чара дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн 300дөн ашуун компанияны бириктирди. Көргөзмөдө акыркы тармактык инновациялар жана заманбап технологиялык мүмкүнчүлүктөр тааныштырылды. Ошондой эле, көргөзмөнүн алкагында бир катар эл аралык келишимдерге кол коюлду.

Фото: kapital.kz