Нур-Султанда «UMAY Business Day 2019» ишкердик жолугушуулары өттү

Нур-Султанда «UMAY Business Day 2019» ишкердик жолугушуулары өттү. Жыйында жеке ишин ачууга бел байлаган айымдар тажрыйбалуу ишкер айымдар менен жолугушуп, кесипкөй кеңеш алышты. Өз ишин баштоого кызыктар болгондор менен чеберчилик бөлүшкөн жигердүү жарандар - «UMAY Boost» аялдарды ишкердиктин сырларына окутуу долбоорунун катышуучулары. Акысыз түрдө өтө турган долбоор бизнес баштаганына аз дегенде үч жана ар кандай долбоорлорго жетекчилик кылууда беш жылдык тажрыйбасы бар ишкерлерди камтыйт. Бүгүнкү күнгө чейин окуу программасына эки топ тандалган.

МАХАББАТ САДУАКАСОВА, ДОЛБООРДУН УЮШТУРУУЧУСУ:

- Биздин ишкердик негиздерине үйрөтө турган программабыз бир гана бизнес тренингдер менен чектелбейт. Ошондой эле, психологиялык жактан колдоо көрсөтүлөт. Топтун мүчөлөрү бири-бири менен тажрыйба алмашып, өздөрүнө устат да, психолог да болот. Алдыдагы жетинин айынын аягында чоң саммит өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Ал жерде бардык катышуучулар окуу программасынын натыйжалары жана анын бизнеске кошкон салымы тууралуу ойлору менен бөлүшөт.

Фото: Facebook