Быйылкы жылдын 9 айында Казакстандын экономикасынын өсүшү 4,3 % түздү

Быйылкы жылдын 9 айында Казакстандын экономикасынын өсүшү 4,3 % түздү

Быйылкы жылдын 9 айында Казакстандын экономикасынын өсүшү 4,3% ды түздү. Ал курулушта, соодада, транспорт чөйрөсүндө, кайра иштетүү тармагында, анын ичинде унаа  курууда, жеңил өнөр жайында, мунайды кайра иштетүүдө жана байланыш кызматтарында байкалды. Бул тууралуу Өкмөттүн жыйынында Улуттук экономика министри Руслан Даленов билдирди.

Мындан тышкары, тышкы соода жүгүртүү өстү. Бул 62,1 миллиард долларга жогорулаган. Жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөр 96-97 миллиард доллар деңгээлинде болору күтүлүүдө. Ошондой эле Өкмөттүн жыйынында түшүм жыйноо өнөктүгүнүн жыйынтыгы тууралуу сөз болду. Айыл чарба министри Сапархан Омаров белгилегендей, ушул мезгилге карата жалпы 15 миллион гектардан ашык өнүм, 19 миллион тоннадан ашык буудай оруп-жыйналды.

Фото: vteme.kz