Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жашылча экспорту өстү

Кыргызстандын чарбачылыктары Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө жашылча экспортунун көлөмүн жогорулатып жатат. Чүй облусунун бакча өсүмдүктөрү бирдиктүү экономикалык мейкиндиктеги мамлекеттерге ташылып жүргөнүнө бир нече жыл болгон. Негизинен сыртка капуста, баклажан, болгар мурчу жана помидор жеткирилет.

ПАЗЫЛ РАВШАНОВ, ЧҮЙ ОБЛУСУНУН МАЙ АЙЫЛЫНЫН ФЕРМЕРИ/ КЫРГЫЗСТАН/

- Помидордун бул түрү «новичек» деп аталат. Бир бөлүгүн Кара-Балтадагы заводго тапшырабыз. Ал эми калган бөлүгүн Орусия, Казакстан жана Тажикстанга экспорттойбуз. Помидордун бул сорту узак мезгил сакталат. Ошондой эле ташылган кезде өз калыбында калат. Алар көбүнчө аш татымдарды даярдоодо пайдаланылат.

Кыргызстандагы Жаны-Пахта аймагы жашылча өндүрүшү боюнча көч башында турат. Табигый өсүмдүктөрдүн негизги бөлүгү Орусия, Армения менен чек аралаш Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнө экспорттолот. Өткөн жылы жергиликтүү дыйкандар тышкы рынокко 10 миң тоннага жакын өнүм жеткирген. Ал жалпы жашылча экспортунун жетиден бир бөлүгү. Кезектеги эгин жараянынан да мол өнүм жыйноо көздөлгөн.

Фото: knews.kg