Казакстан менен Монголиянын соода-экономикалык кызматташтыгы

Казакстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жогорулатуу боюнча Жол картасы иштелип чыгат. Өкмөт башчы Аскар Мамин менен Монголиянын премьер-министринин жолугушуусунда ушундай демилге көтөрүлдү. Ошондой эле, тараптар өз ара товар жүгүртүүнү мындан ары жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти. 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 80 миллион долларга жеткен. Бүгүнкү күндө Монголиянын рыногуна зарыл болгон Казакстандан алынып келинген 100 керектүү товарлардын тизмеси иштелип чыккан.  Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылары 7 документке кол коюшту.

АСКАР МАМИН, РКНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Монголия менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Биздин жалпы максат эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүү жана экономикалык байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүү болуп саналат. Бул багытта биз соода-экономикалык байланыштын, өзгөчө транспорттук-логистикалык жана айыл чарба өнөр жай чөйрөсүндөгү жаңы багыттарын андан ары өнүктүрүүгө даярбыз. Казакстан менен Монголиянын соода-экономикалык байланыштарын жакшыртуу максатында, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү эки тараптуу жол картасын иштеп чыгууну сунуштайм.

Фото: Казинформ