Казакстандын чийки эмес экспортунун көлөмү 2022-жылга карата 1,5 эсе өсөт

Казакстандын чийки эмес экспортунун көлөмү 2022-жылга карата 1,5 эсе өсөт. Бул максатка жетүү үчүн ата мекендик бренддердин популярдуулугун жогорулатуу зарыл, дешет серепчилер. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө республика дүйнөнүн 120 өлкөсүн товарлардын сегиз жүздөн ашуун түрү менен камсыз кылууда. Экспорттук дараметтин өсүшүнө кабыл алынып жаткан максаттуу чаралар таасир эткен. Мисалы, мамлекеттик колдоодон сырткары өлкөдө көргөзмө-сынактар өткөрүлүп жатат. Жогорку сапаттагы өнүмдөрдү бул жерден көрүүгө болот. Мындай көргөзмөлөрдүн бири борбордо 153 атамекендик компанияны бириктирди. Көргөзмөгө атамекендик текстиль жана кийим өндүрүүчүлөр, курулуш материалдар жана медициналык препараттар, нан-токоч жана кондитердик азыктар, чала фабрикаттар жана башка керектүү буюмдар коюлду.

САЛТАНАТ АБДЫКЕРИМОВА, «АТАМЕКЕН» РК ННП СОЦИАЛДЫК ДЕМИЛГЕЛЕР ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Экспорттун негизги бөлүгү коңшу өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келет. Мисалы, биздин тамак-аш азыктары Орусияда чоң суроо-талапка ээ. Мындан тышкары, биздин өнүмдөр боюнча Кытайдан буйрутма кыйла өсүп жатат. Ошондой эле, мисалы, Казакстандын унун Тажикстан жакшы сатып алат. Мурдагы советтик мамлекеттер менен бирге биздин товарлар чет өлкөгө жиберилет. Азыр бизде өндүрүлгөн өнүмдөрдүн көбү экспортко жөнөтүлүп жатат.  

Фото: kapital.kz