Нур-Султанда Ислам каржылоо жумалыгы башталды

Казакстанда ислам каржылоо адистери даярдалууда. Жергиликтүү каржылоочулар Малайзия, Катар, Бахрейн жана Улуу Британия өлкөлөрүнүн кесиптик сертификация, бухгалтердик эсеп жана аудит топ менеджмент сыяктуу 4 окшош эл аралык программа боюнча окутулуп жатат. Бул тууралуу борбордо башталган кезектеги ислам каржылоо жумалыгында айтылды. Шарият мыйзамдарына негизделген каржы институтунун өлкөдө иш алып барып жатканына 10 жылдын жүзү болду. Азыркыга чейин тармактын негизги системасы жакшыртылып, инфрастуруктуралык курулушу жасалды. Өткөн жылы кесипкөй адистердин бирикмеси, жакында ислам каржылоо борбору ачылды. Эми негизги максат - элдин каржылык сабаттуулугун арттырып, анын структурасы менен кызматынын багыттары тууралуу билимин кеңейтүү, дешет адистер.

РУСЛАН МОЛДАШЕВ, АЭКБ БЮРОСУНУН ТРЕНИНГ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Биздин оюбузча, бул демилгелер адистердин кесипкөйлүгүн өнүктүрүү үчүн гана эмес, калкка маалымдоо үчүн кабыл алынууда. Маселен, сиз инфраструктуралык курулушту жакшыртып, адис даярдадыңыз дейли. Бирок ал тууралуу эч ким билбесе анын алдыга жылуусу мүмкүн эмес. Ошондуктан алдыдагы убакытта көпчүлүктү анын кызматы менен олуттуу тааныштыруу багытындагы иш-чараларды уюштуруу зарыл.

Фото: growthbusiness.co.uk