ЕККӨБ кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү үчүн Казакстанга 300 млн евро бөлөт

Казакстандагы кайра жанма энергия долбоорлору эл аралык каржы уюмдары тарабынан чоң кызыгууну туудурууда. Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү боюнча аймактык лидер катары өлкөнү колдоо үчүн 300 миллион еврого чейин каражат бөлөт. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда жалпы кубаттуулугу 900 мегаваттан ашык кайра жанма энергия объекттери иштей баштаган. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 700 мегаваттка жакын көрсөткүчтү түзгөн. Көпчүлүк учурда бул тармактын өнүгүшүнө жагымдуу инвестициялык климат жана мыйзамдык база таасир тийгизип жаткандыгын серепчилер белгилешет.

АРМАН КАШКИНБЕКОВ, КАЗАКСТАНДЫН КЖЭ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

– Азыр Казакстанда жаңы курулган жана жалпы кубаттуулугу 900 мегаваттан ашкан дээрлик 70-80 долбоор ишке киргизилген. Өткөн жылы дагы 30 компания аукционду жеңип алган. Бул жылы жеңүүчүлөр көп.  Башкача айтканда, эгерде бул долбоорлор менен иштеп чыгуудагы долбоорлорду жалпылаштырса, алардын саны Казакстанда 100 бирдик болуп калат.

Фото: physicsworld.com