Казакстан менен АКШнын энергетика жана агро өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы

Америка Кошмо Штаттары Казакстан менен энергетика жана агро өнөр жай тармагында кызматташууну күчөтүүгө кызыктар. Өткөн жылы Американын алдыңкы 16 компания өкүлдөрү биргелешкен долбоорлорду республиканын аймагында инвестициялоого даяр экендигин билдиришкен.

ДЭВИД ХЕЙЛ, АКШНЫН САЯСИЙ ИШТЕР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Американын бизнеси Казакстанга абдан кызыктар. Биз бул жакка мурдатан бери жетишерлик инвестиция жасап келебиз. Кызматташуу тармактары: авиация, медицина, туризм. Бизде бул жаатта абдан чоң дарамет бар деп эсептейбиз. Биз мамлекеттер ортосундагы байланышты жана мамилелердин бекемделишин каалайбыз.

Жалпысынан алганда, кызматташуу жылдарында АКШ Казакстандын экономикасына 50 миллиард доллардын тегерегинде каржы салды. Улуттук Банктын маалыматына ылайык, Американын инвестициялык көлөмү рекорддук деңгээлге жетип, 2018-жылы 5 миллиард 340 миллон долларды түздү.

ДЭВИД ХЕЙЛ, АКШНЫН САЯСИЙ ИШТЕР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз Улуу Жибек жолунун бай тарыхын, анын кең географиясын жакшы билебиз. Ошондуктан бул стратегиялык жактан маанилүү аймак. Бул жерде негизги тандоо маселесин көтөрүү зарыл. Биз Казакстандын тандоосун маанилүү деп эсептейбиз. Мисалы, мамлекет бир гана өлкөнүн инвестициясына кызыкпайт, ал башка да булактардын ар түрдүүлүгүн карайт.

Фото: Казинформ