Ата мекендик трансформаторлор коңшу өлкөлөрго экспорттолот

Казакстан энергетика тармагындагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда. Ушул багытта жакында гана Чымкент шаарында ишке кошулган трансформатор чыгара турган завод өнүмүнө жогорку ишеним артып жатышат. Бул чыңалуунун масштабдуулугу 110дон 500 кВтка чейин энергия өндүрө турган абдан жогору сапаттуу орнотмолор жыйнай турган Борбор Азияда теңдеши жок жалгыз өндүрүш жайы. Уникалдуу ишкана кубаты жылына 120 трансформатор кураштырууга жөндөмдүү. Завод ички суроо-талап менен бирге тышкы рынокту бирге камсыз кылууну көздөп жатат. Өнүмдүн 50 пайызы чет мамлекеттерге экспорттолот деп күтүлүүдө. Негизинен коңшу КМШ өлкөлөрү. Долбоордун жалпы баасы 18,9  миллиард  теңгени түздү.

ЕРКЕБУЛАН ИЛИЯСОВ, ДОЛБООРДУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз өз өнүмдөрүбүздү Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөргө жиберүүнү мерчемдеп жатабыз. Аталган өлкөлөр жакын жайгашкандыктан трансформаторлорду ыкчам жиберебиз. Биздин өнүмдүн сапаты абдан жогорку деңгээлде.

Фото: vera.kz