Казакстан менен Түштүк Корея кызматташтыгы

Түштүк Корея инвестициялары Казакстандын инфраструктурасына, IT технологияларына, айыл чарба жана саламаттыкты сактоо тармагына тартылат. Аталган багыттардагы долбоорлор ушул жылдын чын куран айында эки өлкө президенттери кол койгон «Салкын шамал» программасынын алкагында ишке ашырылат. Бул тууралуу Сеулда Казакстан менен Түштүк Корея тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда айтылды.

БЕЙБИТ АТАМКУЛОВ, РК ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Казакстан үчүн Корея – Азия аймагындагы экинчи ири өнөктөш. Он сегизинчи жылды биз төрт миллиард доллар соода жүгүртүүсү менен аяктадык. Он тогузунчу жылдын алты айында товар жүгүртүүсү 2,7 миллиард долларды түзөт.

Бейбит Атамкулов менен Кан Гён Хва Корея Республикасы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда эркин соода тууралуу келишимге кол коюу маселелерин да караштырды. Белгилей кетсек, ушул айдын аягында тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү дагы жолугушат. Нур-Султанда Казакстан-Корея өкмөт аралык комиссиясынын отуруму өтөт. Тараптар экономикадагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашат.

Фото: platon.asia