ЕАЭБ өлкөлөрү соода тоскоолдуктарын жоюуда

Быйыл Евразиялык экономкалык комиссия экономикалык биримдик аймагындагы 17 соода тоскоолдугун жойду. Белгилей кетсек, тоскоолдуктарды аныктоо, ошондой эле, интеграциялык биримдикке катышуучу бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын сактоо – Евразиялык экономикалык биримдиктин басымдуу милдеттеринин бири. Биримдиктин трансчекаралык рынокторунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуунун алдын алууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Тактап айта турган болсок, ушул жылдын 9 айында Казакстандын биримдик өлкөлөрүнө экспорту 16 пайызга, ал эми импорт 9 пайызга өстү.

СЕРИК ЖУМАНГАРИН, ЕВРАЗИЯЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОМИССИЯНЫН КОЛЛЕГИЯ МҮЧӨСҮ:

- Ушул убакыттын ичинде 41 ашуун өтүнмө келип түштү. Азыркы тапта бардык өтүнмөлөргө талдоо жүргүзүп жатабыз. Бизде укук менен сунуш институту киргизилди. Биринчи кезекте, биз бузуу жараяндарына жол берген тарапка кемчиликти оңдоого мүмкүнчүлүк беребиз.

Фото: verelq.am