Казакстандын ИДӨсү 4,3% чейин өстү

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында Казакстандын ИДӨсү 4,3 пайызга чейин өстү. Улуттук экономика министрлигинен кабарлашкандай, экономиканын өсүшүнө инвестициялык жигердүүлүк таасир этти. Инвестициялардын кыйла көбөйүшү айыл чарбасында, курулушта, соодада жана өнөр жайда белгиленген. Тармактык мекемеден белгилешкендей, мунун алкагында бардык эл аралык рейтингдик агенттиктер Казакстандын суверендүү насыялык рейтингин инвестициялык тартымдуулук деңгээлинде аныктады. Бул иретте Moody's (МУдис) өзүнүн болжолун туруктуудан позитивге жакшыртты.

МАДИЯР КЕНЖЕБУЛАТ, ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН АЛДЫҢКЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

– Улуттук экономика министрлигинин алгачкы божомолдоосуна ылайык, 2019-жылы экономикалык өсүш 3,8 пайыз болмок. Ал эми азыр 8 айдын корутундусу боюнча бул болжолдон ашып түштү. Акыркы эки жылда инвестициялар көлөмү айрыкча темп менен өсүүдө. Өткөн жылы негизги капиталга салынган инвестиция 17,5 пайызга артты. Ушул жылдын 8 айында ал 11 пайызга жакын өстү.

Фото: teleskop-by.org