Бизнести колдоо – экономиканы өнүктүрүү

Казакстан Президентинин кайрылуусу Германиянын ишкердик топторунун арасында колдоо таап жатат. Чакан бизнести үч жылга салыктан бошотуу – оң чечим. «Либералдуу орто бизнес» биримдигинин жетекчиси Кристиан Гроссе ушундай пикирде. Анын айтымында, Германияда  3,6 миллион фирма катталган. Ал эми чакан жана орто бизнес тармагы – өлкө экономикасынын кыймылдаткыч күчү. Ошондуктан, бизнести колдоо өлкө экономикасын бекемдейт, дейт серепчи.

КРИСТИАН ГРОССЕ, «ЛИБЕРАЛДУУ ОРТО БИЗНЕС» БИРИМДИГИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Салыктан бошотуу – бизнести колдоонун абдан маанилүү куралы. Ишкерлер түшкөн пайданы өз компанияларына кайрадан инвестиция катары сала алат. Ошондой эле, алар билимдүү адистерди жумушка алып, өз иштерин кеңейте алышат. Мен Казакстанда жөнөкөй заттардын экономикасынын тармагында иш алып барган компаниялардын саны өсөрүнө ишенем.

Фото: Хабар 24