Кайрылуу-2019: Агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү

2020-жылга чейин Караганды облусунда 28 миң гектар сугат талаа калыбына келтирилет. Ал эми даяр айыл чарба өнүмүнүн экспорту 11 пайызга өсөт. Агро өнөр жай комплексин ар тараптан өнүктүрүү – Казакстан үчүн басымдуу багыттардын бири. Бул тууралуу мамлекет башчысы өз Кайрылуусунда өзгөчө белгилеп өткөн.  Касым-Жомарт Токаев өлкө ичинде жана андан тышкы жерлерде суроо-талапка ээ органикалык жана экологиялык таза өнүм чыгаруу үчүн өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилеп өттү.

ЕРЛАН КОШАНОВ, КАРАГАНДЫ ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Жеке инвестицияларды тартуу айыл чарбасынын өнүгүшүнө таасир берет. Мал чарбасы, азык-түлүк товарларын чыгаруу жана иштетүү боюнча чоң долбоорлор керек.

Орусиянын эл аралык иштер боюнча кеңеш серепчиси Никита Мендкович да агрардык тармактын жогорку мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп өттү. Анын айтымында, Казакстан менен Орусия бүгүнкү күндө айыл чарба товарларынын ири экспорттоочусу катары саналат. Ошондуктан эки өлкө агро өнөр жайлык комплексти өнүктүрүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү жана айкалыштыруусу керек, ошондой эле, инвестицияларды тартып, чакан жана орто чарбачылыктарды күчөтүү зарыл.

НИКИТА МЕНДКОВИЧ, ОРУСИЯНЫН ЭЛ АРАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА КЕҢЕШ СЕРЕПЧИСИ:

- Бул өзүн-өзү азык-түлүк менен камсыз кыла турган, өз алдынча иш алып барган жарандардын классын түзүү үчүн маанилүү ресурс. Дагы бир жагдай – бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу. Казакстан пост кеңештик мейкиндикте абдан маанилүү айыл чарба ресурстарын экспорттоочу катары саналат жана ушул макамды жоготпошу керек.

Фото: aktobetv.kz