Күн карама майынын экспорту өстү

Күн карама майынын экспорту өстү

Күн карама майын тышкы рынокторго башкы экспорттоочу Түндүк Казакстан облусунда ушул өнүм түрүн өндүрүү көлөмү эки жарым эсеге чейин өстү. Мисалы, өткөн жылдын жети айындагы көрсөткүч 13 миң тоннаны түзсө, быйыл ал 32 миң тоннадан ашкан. Аймакта майлуу өсүмдүктөр талаасы кеңейип, даяр өнүм Кытайга экспорттолуп жатат. Ошондой эле, жергиликтүү заводдор алдыдагы убакытта чийки затты Акмоло жана Костанай облустарынын чарбачылыктарынан сатып алат. Бул завод жылына 365 миң тонна майлуу өсүмдүктү иштете алат.

ТАЛГАТ НАУРЫЗБАЕВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бүгүнкү күндө завод 7600 тонна рапс майын жана 19500 тонна күнжараны экспортко чыгарды. Ишкана өзүнүн кубаттуулугун жогорулатууну мерчемдеп жатат. Мисалы, азыркы тапта мал азыгын сактоого арналган беш идиш салынууда. Алардын сыйымдуулугу – 25 миң тонна. Белгилей кетүүчү жагдай, жалпы чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү беш жарым миллион долларды түздү.

Фото: inbusiness.kz