Казакстан Орусия аймагындагы дарыялар менен жүк ташуу көлөмүн көбөйтөт

Казакстан Орусия аймагындагы дарыялар менен жүк ташуу көлөмүн көбөйтөт. Анын натыйжасында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү өсөт. Буга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кеме жүргүзүү келишиминин күчүнө кириши өз таасирин тийгизет. Документке үстүбүздөгү жылдын бирдин айынын биринде Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөт аралык кеңешинде кол коюлган. Казакстан унаа биримдигинин өкүлдөрүнүн айтымында, келишимдин аркасында Орусиянын суу жолдору менен өтүүгө бериле турган уруксааттарды алуу мезгили кыскарат. Мурда аталган жараянга алты айга чейин убакыт кетчү.

ЕРЛАН АБСАТОВ, КАЗАКСТАН УНАА БИРИМДИГИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Кеме каттамы тууралуу келишимде чечимди ыйгарым укуктуу орган пайдалана алары тууралуу келиштик жана чечим он күн ичинде кабыл алынды. Башкача айтканда, уруксат алуу тартиби көрүнүктүү жеңилдетилди.

Серепчилердин айтымында, биринчи кезекте кеме каттамы тууралуу келишим трансчекаралык Ертис дарыясы менен Орал-Каспий бассейнинде жүк ташуунун көлөмүн алгылыктуу көбөйтүүгө жол ачат.

ЕРЛАН АБСАТОВ, КАЗАКСТАН УНАА БИРИМДИГИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Божомолго  ылайык, 2023-жылга карай Орал-Каспий бассейниндеги жүк ташуу көлөмүн 55 миң тоннадан 350 миң тоннага чейин көбөйтөт. Ал эми, Ертис дарыясы аркылуу Казакстан менен Орусиянын ортосундагы жүк ташуусу азыр 500 миң тоннага жакын. Транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып Орусиядан Ертис дарыясы менен Кытайга жүк агымын дагы 500 миң тоннага чейин көбөйтөбүз. Ошондой эле, биз Обь дарыясы менен Карск деңизине чыга алабыз.

Келечекте Кара жана Жер ортолук деңиздериндеги кеме токтоочу аймактарга чейин жүк көлөмүн 300 миң тоннага жеткирүү мерчемделген. Бүгүнкү күндө ЕАЭБге мүчө өлкөлөр келишимди күчүнө киргизүү үчүн мамлекеттик процедураларды өткөрүшүүдө.

Фото: kazlenta.kz