Алматы облусунда голландиялык технология менен сыр чыгарыла баштады

Саркан районундагы сүт заводу голландиялык технология менен сыр жасай баштады. Өзгөчө ыкма менен даярдала турган өнүм узак убакыт сакталат. Ошондуктан шериктештиктин өкүлдөрү аны башка облустар менен бирге коңшулаш мамлекеттерге да эксорттоону мерчемдеп жатат.

Бекзат Масимов сүт заводунун башкы технологу. Ал өнүм суроо-талапка ылайык болушун көзөмөлдөйт. Жаңы тармакка көңүл бөлгөн адистер бүгүнкү күнгө чейин 60 тоннага жакын сыр чыгарган.

БЕКЗАТ МАСИМОВ, ТЕХНОЛОГ:

- Биз сырларды Алматы облусунун рынокторуна жеткиребиз. Биз Казакстан боюнча жеткирүүлөрдү көбөйтүп, чет өлкөлүк рынокторго да жиберүүнү мерчемдеп жатабыз.

Завод күнүнө 150 тонна сүт, курут, май, сыр, айран чыгарат. Алдыдагы убакытта өнүм көлөмүн көбөйтөт. Ал үчүн чарбачылыктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 ДАНИЯР РАКЫШЕВ, ӨНДҮРҮШ ЖАЙЫНЫН МЕНЕДЖЕРИ:

- Биз 6 ири чарбачылык менен иш алып барабыз. Алар бизге күнүнө 15-20 тонна сүт жеткирет. Азыркы тапта биз башка да аймактар менен иштешип жатабыз. Дагы 5 тонна чийки зат жеткирүү боюнча кошумча келишимдер түзүлдү.

Мамлекет тарабынан жасалып жаткан колдоонун аркасында заводдогу техникаларды жаңыртып, эл аралык стандарттар менен иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Фото: komiinform.ru