Казакстан 2020-жылы 7 миллион тонна буудай экспорттойт

Казакстан келерки жылы жети миллион тонна буудайды экспортко жиберет. Тармактык мекеменин маалыматына ылайык, учурда республикада жаңы түшүмдү жеткирүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Логистиканы өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулууда, оперативдүү маселелерди чечүү боюнча штаб түзүлдү. Учурда өлкөнүн бардык аймактарында эгинди чогултуу иштери жүргүзүлүүдө. Айыл-чарба министрлигинин маалыматы боюнча, учурда дыйкандар 4 миллион гектардан ашык эгин жыйнады. Бул региондордун жалпы жыйноо аянтынын 32% түзөт. Белгилей кетсек, казакстандык дан эгининин негизги экспорттук багыттары - Орусия, Кытай, Иран жана Борбордук Азия өлкөлөрү.

РИНАТ АКБЕРДИН, АО “АЗЫК-ТҮЛҮК КЕЛИШИМ КОРПОРАЦИЯСЫ” БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Жыл сайын Кытайга казакстандык буудай менен ун жеткирүү көлөмү кеңейүүдө. Эгерде сандарга көз чаптырсак, 2016-жылы биз 300 миң тонна көлөмдү көрдүк, ал эми 2018-жылы сан дээрлик 600 миң тоннага өскөн. Бүгүнкү күндө корпорациянын иштеп жаткан келишимдери бар, алар боюнча ташуулар да ишке ашырылат. Ошону менен катар, 2020-жылы туруктуу буудай жеткирүү боюнча бир жыл ичинде келишимге жетишилди.

Фото: ikar.ru