Сыр аймагындагы сугат жерлердин көлөмүн 300 миң гектарга жеткирүү көздөлгөн

Айыл чарба өнүмдөрүнүн өндүрүшүн 4,5 эсеге өстүрүү. Сугат жерлердин көлөмү 2030-жылга чейин кезек-кезеги менен 3 миллион гектарга жетсе ушундай көрсөткүчкө жетүүгө болот. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевдин элге Кайрылуусунда белгилүү болду. Сыр аймагындагы сугат жерлердин көлөмүн 2022-жылга чейин эки эсеге жогорулатып, 300 миң гектарга жеткирүү көздөлгөн.

КАЙРАТ ЖАНСУЛТАН УУЛУ, ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУНУ ЖӨНГӨ САЛУУ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Сугат жерлердин көлөмүн 300 миң гектарга жеткирүү үчүн дагы жаңы 96 миң гектарды киргизип жатабыз. Аталган жаңы жерлерде жаңы каналдарды курабыз, сугат иштери үчүн тамчылатып сугаруу системасын, жердин алдындагы сууларды колдонобуз жана коллекторлордогу сууларды пайдаланабыз.

Бүгүнкү күндө адистер Сырдарыя дарыясынын суусуна көз карандысыз жаңы чечимдерди ойлоп табышты. Сыр аймагынын башкы өсүмдүгү күрүч көлөмүн азыркы деңгээлинде сактап, өзгөрмө талаанын да мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Бул багытта сууну аз талап кылган сафлор, буудай, кашка беде, соя жана башка ушул сыяктуу өсүмдүктөргө басымдуулук берилет. Аталган өсүмдүктөр биринчиден, малга азык болсо, экинчиден, жерге кунар болот.

БАКЫТЖАН ДҮЙСЕМБЕКОВ, Ы. ЖАКАЕВ АТЫНДАГЫ КАЗАК КҮРҮЧ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН ИИИ БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Аталган өсүмдүктөр өзүнө жердин тузун сиңирип алат, туздуу жерге чыдамдуу, жерди калыбына келтирет. Экинчи жылы аларды фитомелиоративдик өсүмдүктөр деп аташат. Алар жердин курамын жакшыртып, кунарын жогурулатат, ошондой эле азот менен камсыз кылат жана арам чөптөрдүн өсүшүн азайтат, жердин биоорганикалык акыбалын да өзгөртөт.

Сугаруу каналдарын тазалоо, гидро орнотмолорду жаңылоо жумуштары кезек-кезеги менен аткарыла берет. Эскирген же пайдаланылбай жаткан жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча да системалуу мерчем жасалган.

ЖОРАБЕК НУРЫМБЕТОВ, «КАЗСУУЧАР» РМК ӨНДҮРҮШ ЖЕРИНИН БАШЧЫСЫ:

- Долбоорлорду ишке ашыруу жараянынын алкагында 187 миң гектар жер калыбына келтирилет. Аталган максат үчүн Дүйнөлүк жана Азия өнүгүү банктары 164 миң теңгенин айланасында каржы бөлөт. Программаны ишке ашыруу облустун айыл чарбасын 30-40 пайызга жогорулатып, 25-30 пайызга жакын сууну үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Кызылордо облусунда Президенттин Кайрылуусунда айтылган сугат жерлер көлөмүн арттырууга тиешелүү бир катар чаралар даярдалды. Алардын катарында Сырдарыя дарыясынын Шиели жана Караөзек жагынан эки суу иреттегич сактагычын салуу маселеси да бар. Бул аймактагы сугат жерлерди вегетациялык кезеңде 110 миң гектар суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Фото: Хабар 24