Нур-Султан: Инвесторлорду жана долбоорлорду колдоо

Жеңилдиктер, преференциялар, даяр инфраструктура, каржылык колдоо. Казакстандын борборунда инвесторлор менен ишкерлерге ушундай ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, ушундай чаралар атайын экономикалык аймактарда каралган. Бул жерде ишкерлерге колдоо көрсөтүүнүн алкагында идея пайда болгон кезден баштап долбоорду ишке ашырууга чейин колдоо колго алынган. Бул багытта эң биринчи  инновациялык сунуштарга басым берилет. Мисалы, бул генетикалык лабораториянын республикада теңдеши жок. Бул жердеги адистер айыкпас ооруларга жөндөмдүүлүктү аныктоого жардам бере турган изилдөөлөр менен алектенишет. Аталган долбоорго чет өлкөлүк инвесторлор колдоо көрсөткөн. Инвестиция көлөмү – үч миллион доллар.

ЕРНАЗАР РАШАТБЕК УУЛУ, ГЕНЕТИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Азыркы тапта биз Кардиохирургиялык борбор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз жүрөгүнө операция жасалгандан кийин бейтап үчүн берилген дарыларга изилдөөлөрдү жүргүзүп, андан кийин гана лабораториялык талдамаларды берүүнү мерчемдедик. Бүгүнкү күндө биз дал ушул багытта иштөөдөбүз.

Ал эми, уникалдуу учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруу менен алектенген ата мекендик компания атайын экономикалык аймак катышуучуларынын тизмесине киргизүүнү көздөп жатат. Долбоордун даярдоочулары жеңилдиктер менен салыктык  преференциялардан башка, бул жерде өзүнүн өндүрүштүк желесин кеңейтип, жаңы өткөрүү рынокторун таба алабыз деген үмүттө.

МАДИЯР СМАГУЛОВ, ДРОНДОРДУ ӨНДҮРҮҮЧҮ КОМПАНИЯНЫН МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө дүйнөлүк тажрыйбада учкучсуз учуучу аппараттардын кызматынын баасы болжол менен 6 миллиард долларды түзөт. 2025-жылга арналган божомол 65 миллиард доллардын айланасында. Башкача айтканда, Казакстанда да, жалпы дүйнөдө да бул тармактын мүмкүнчүлүгү жогору экени анык.

Ушундай шарттарда, атайын экономикалык аймактар шаар экономикасына салынган каражат көлөмүн жогорулатууга, өндүрүштөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп жатат.

Фото: zakon.kz