Бизнести колдоо

Президент Касым-Жомарт Токаев кийинки жылдан баштап бизнеске салыктык жүктөмдү азайтып, үч жыл текшерүүлөрдөн бошотуу тууралуу буйрук берди. Ушундай иш-чаралар ишкерлерге бутуна бекем туруп, туруктуу өнүгүү жолуна түшүүгө шарттарды түзөт, дешет серепчилер. Салыктык жүктөмдү азайтуу жана ар кандай текшерүүлөргө чектөө боюнча Президенттин демилгеси айырыкча ишин жаңыдан баштаган ишкерлерге колдоо болот.

МАКСИМ БАРЫШЕВ, КОМПАНИЯЛАР ТОБУНУН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Алынып ташталган негизги салык жеке ишкерлерге тиешелүү, бул – алардын жеңилдетилген режим боюнча төлөй турган 3 пайыздык салыгы, ошондой эле, патент боюнча иш алып баргандар төлөй турган 1-2 пайыздык салык бар. Мына дал ушулар үч жылга алынат. Менимче, жеке ишкерлердин саны ошол калыбында калат. Бирок сапат жагынан жакшыруу болот. Ишкерлердин жигердүүлүгү өсүп, үч жылдан кийин атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес калыптанат.

Жалпы ар бир мамлекетте ишкердик өлкөнүн негизги тиреги катары саналат. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө чакан жана орто бизнестин ички дүң өнүмүндөгү үлүшү 70-80 пайызга жетет. Албетте, бизнес деген – бул атаандаштык. Ал эми, ошол атаандаштыкта ийгиликке жетүү үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү өнүм чыгаруу керек.

РАХМАН АЛШАНОВ, ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР:

- Каскелеңде балдарга арналган жалаяк чыгара турган ишкана ачылды. Товарлардын бардыгы Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстанга жиберилип жатат. Аталган өнүм бир гана сапаты жагынан эмес, баасы жагынан да жеткиликтүү экенинен кабар берет.

Серепчилердин айтымында, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө мамлекеттик тапшырыктардын көбөйүшү, ички рынокту камсыз кылуу багытында иш алып баруу, өнүмдү тышкы өлкөлөргө жеткирүү боюнча келишимдерге жетүү сыяктуу жагдайлар таасирин тийгизет.

Фото: ideanomics.ru