Актауда Өзбекстандын башкы консулдугу ачылды

Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды жана достук мамилелерди чыңдоо. Актауда Өзбекстандын Башкы консулдугу бул багыттагы иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатат. Дипломатиялык кеңсе үчүн Актаунун тандалуусу бекеринен эмес. Бул – Өзбекстан үчүн Европа өлкөлөрүнө чыга турган эң кыска жол. Жакында «Бейнеу-Өзбекстан чек арасы» унаа жолу ачылып, коңшу өлкөнүн товарлары казактын деңиз порттору аркылуу башка өлкөлөргө жеткириле баштады. Инвесторлор менен ишкерлер эми керектүү документтерин жол-жоболоштуруу үчүн алыска барып убара болбой, жакын жерден жөнгө салууга болот. Ошону менен катар, Башкы консулдукта эки өлкө жарандары менен эмгек мигранттарына да укуктук жардам көрсөтүлөт. Айта кетсек, Актауда Азербайжан, Иран, Түркия менен Түркмөнстандын консулдуктары иштеп жатат.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, ӨЗБЕКСТАНДЫН КАЗАКСТАНДАГЫ АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Башкы консулдуктун ачылышы мамлекеттер аралык байланыштын кеңейишине жол ачат. Эки өлкө ортосундагы алыш-бериш менен барыш-келиш жакшыраарына ишенем. Быйылкы жылдын 6 айында Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода алмашуу 1 миллиард 80 миллионду түздү. Жылдын соңуна чейин 4 миллиард АКШ долларына жетет деп күтүлүүдө.

Фото: inform.kz