Кайрылуу-2019: Бизнести колдоо атаандаштыкты арттырат

Бүгүнкү күндө Казакстанда жасалган товарлар коңшу өлкө рыногунда чоң суроо-талапка ээ. Дал ушул жылдын алгачкы кварталында бардык тармактагы көрсөткүч 30 пайызга өстү. Ошону менен катар өлкөдөгү баанын тең салмактуулугу башка өлкөлөрдүн экономикасына да оң таасир тийгизди. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевдин элге кайрылган башкы документинде баса белгиленген. Кайрылууда айтылган беш приоритет Казакстандын тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүн арттырат. Бул пикир менен өзбекстандык серепчи Равшан Назаров да макул. Серепчилер уюмунун өкүлүнүн айтуусунда, боордош өлкөлөр ортосундагы аймактык кызматташтык менен транспорт-логистикалык кызмат барыш-келишти жакшыртып, чек арадагы көйгөйлөрдү жоёт.

РАВШАН НАЗАРОВ, СЕРЕПЧИ:

- Маанилүү документ негизинен көптөгөн тармактардагы трансформация процесси менен тыгыз байланышкан. Кайра куруу айрыкча социалдык-экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүштөргө көбүрөөк негизделген. Инфраструктуралык курулушту өнүктүрүү. Мунун баарын толугу менен алганда Казакстан Республикасынын ички абалда гана эмес, ошону менен бирге аймактагы башка да мамлекеттер менен катар бүткүл коомдук байланышка түздөн-түз таасир тийгизет.

Карагандылык серепчи Серик Санаубаевдин айтымында, чакан ишкерлик менен алектенген жарандардын салыктан үч жылга бошотулуусу өз ишин жаңыдан баштаган бизнес өкүлдөрүнө бизнесин өнүктүрүп кетүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк берет. Айта кетсек, кийинки жылдын үчтүн айынан баштап орто жана чакан бизнести текшерүүгө үч жылга тыюу салынат.

СЕРИК САНАУБАЕВ, ОБЛУСТУК ИШКЕРЛЕР УЮМУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Өз бизнесин баштоочу ишкерлерге Кайрылууда көрсөтүлгөн приоритеттер өндүрүштү кеңейтүүгө, ага инвестиция тартууга зор мүмкүнчүлүк берет. Жаш ишкер ишин бутка тургузган кезде туруктуу өнүгүп, пайда алып келе баштайт. Мына ушул кезде ал салык төлөй алат.

Фото: Хабар 24