Чакан жана орто бизнести колдоо

Чакан бизнести 3 жылга чейин салыктык жүктөмдөн бошотуу жана ишкердик объекттерди текшерүүгө чектөө коюу. Мамлекет башчысы өз Кайрылуусунда белгилеп өткөн демилгелер ишкердикти өнүктүрүүгө кенен жол ачат, дешет ишкерлер. Өз ишин колго алгандардын бири – Гаухар Өтелбаева. Нур-Султандын жашоочусу 12 жылдан бери тапшырык боюнча эр жигиттерге арналган костюм-шымдар менен сырткы кийимдерди тигет. Чакан чеберканасында 15 адамды жумуш менен камсыз кылып келет. Ал эми, киреше салыгын төлөөгө мораторий киргизилгенден кийин ал каржыны кызматкерлердин санын көбөйтүүгө багыттайт.

ГАУХАР ӨТЕЛБАЕВА, ЖЕКЕ ИШКЕР:

- Президенттин кайрылуусунда киреше салыгы жана бошотуу, бизнес объекттерин текшерүүнү чектөө тууралуу мораторийди угуп чындыгында кубандым. Салык төлөй турган каражатты өз максатыбызга жумшасак ишибиз бир аз оңолуп калат. Айрыкча, бул чакан бизнес объекттеринин кырдаалын жакшыртып, буттарына бекем турууга жардам берет. Жаңы курал жабдыктарды орнотуп, кошумча жумушчуларды алып, адистерди даярдоо да мерчемде бар. Ага кошо, ишкерлердин саны өсөт. Андан мамлекет бир гана утат. Экономикага каржы дал ушул бизнес объекттеринен түшөт эмеспи.

Президенттин тапшырмасына ылайык, микробизнес субъектилерине текшерүү жүргүзүүгө 3 жылдык мораторий 2020-жылдан баштап жарыяланат. Ошондой эле, ишкерлер ушул мезгилге киреше салыгынан бошотулат. Ушундай колдоо аракеттери көптөгөн ишкерлерди өнүгүүгө шыктандырышы шексиз, дешет серепчилер.

БАКТИЯР БӨЛЕУЛИЕВ, МЫЙЗАМ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Мамлекеттик текшерүүлөр болбосо, бул бизнес объекттерине чоң бир жоопкерчиликти жүктөйт. Алар өздөрүнүн ишкердик кызматтарын адал уюштурууга аракет кылат.

Белгилей кетсек, Казакстан башчысы Өкмөткө жаңы «Жол картасынын» алкагында орто жана чакан бизнести колдоого 250 миллиард теңге каржы бөлүүнү тапшырды. Айрыкча, үй-бүлөлүк бизнеске басым жасалат. Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн да өз ишин ачуусуна шарттарды түзөт.

Фото: biznesportal.info