Казакстан менен Нидерландиянын кызматташтыгы

Казакстанга түшкөн бардык тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын 30%ы Нидерланды Падышачылыгынан келет. Бул республиканын эң ири инвестору – өткөн жылы эле Европа өлкөсү Казакстанга 7,4 миллиард доллардан ашуун каражат салган. Инвестициянын негизги бөлүгү – мунай газ тармагына тиешелүү, бирок Нидерланды дипломатиялык миссия башчысынын орун басары Нора Дессингтин айтуусунда, голландиялык компаниялар өз инвест-портфелин диверсификациялап же ар тараптандырып айыл чарбачылыгы тармагына көңүл бурууга ниеттенип жатат. 

НОРА ДЕССИНГ, НИДЕРЛАНДЫ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫ МИССИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

– Биз айыл чарба азыктарынын рыногун диверсификациялоо Казакстан үчүн абдан кызыктуу жана бул келечекте өзүн жакшы актайт деп ойлоп жатабыз. Голландиялык компаниялар тарабынан Казакстанга чоң кызыгуулар бар. Жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан голландиялык технологияларды жана өнүмдөрдү сатып алууга кызыктар. Бул күнөсканалар, уруктар, муздатуу системасы, мөмө-жемиш, канаттуулардын эти. Агротармактын ичи жетишерлик кенен.

Нидерланд падышачылыгы - айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээлеген кичинекей мамлекет. Казакстан голландиялык технологияларды жигердүү өздөштүрүп жатат. Мисалы өлкөдөгү эң ири Макинск канаттуу фабрикасы Нидерланддык тажрыйбаны өздөштүрүп жана алардын технологияларын пайдалануу менен салынган.

НОРА ДЕССИНГ, НИДЕРЛАНДЫ ПАДЫШАЧЫЛЫГЫ МИССИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

– Кызматташтыктын дагы бир келечеги бар тармагы – туруктуу өнүгүү, Казакстан глобалдык тренддерге шайкеш келген жана да ага чоң кызыгуу артат. Маанилүү тармак - калдыктарды кайра иштетүү, Нидерланды бул жатта чоң тажрыйбага ээ, биздин кичинекей мамлекетибиз жана улуу элибиз бар, бүгүнкү күндө биз таштандылардын 90% га чейинкисин кайра иштетебиз.

Дипломатиялык миссиянын орун басары Нора Дессингдин айтуусунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары дагы өз ара жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Демек бул келечекте, Казакстан менен Нидерландиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтет дегенди билдирет.

Фото: 365info.kz