Казакстанга Германиядан түз тартылган инвестиция көлөмү 9 миллиард доллардын тегерегинде

Германия – Казакстандын башкы экономикалык шериктештеринин бири. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык көлөмү 5 миллиард доллардан ашкан. Буга катар, экономикага салынган инвестиция да өсүп жатат. Акыркы 12 жылдын ичинде Казакстанга Германиядан түз тартылган инвестиция көлөмү 9 миллиард доллардын тегерегинде. Инвестициянын 90 пайыздан ашууну чийки заттык эмес тармакка салынды. Тактап айтсак, ал унаа кураштыруу, кайра иштетүү жана химия өнөр жайы. Алдыдагы убакытта эки тарап кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө кызыктар.

ХАЙКО МААС, ГЕРМАНИЯнын ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Алдыда саясат, экономика жана маданият тармактарындагы бекем орногон эки жактуу кызматташтыкты дагы да бекемдейбиз. Казакстан биз үчүн Борбор Азиядагы эң маанилүү шериктеш. Жалпы Европа үчүн аталган аймактын маанилүүлүгү жыл санап өсүп жатат. Ага 2 ай мурда Евробиримдиктин ушул аймакка тиешелүү кабыл алынган жаңы стратегиясы далил.

Аны менен бирге тарапташтар логистика, альтернативалык энергия жана санариптештирүү тармактарында өз ара натыйжалуу шериктештикти улантууну көздөп жатат.

МАНФРЕД ГРУНД ,БУНДЕСТАГ ДЕПУТАТЫ:

- Жалпы Казакстан – Европа менен Азияны бириктирип турган көпүрө сыяктуу. Ал эми Германия үчүн Казакстан абдан маанилүү шериктеш. Ошондуктан биз экономикалык кызматташтыкты мындан ары бекемдегибиз келет.

Бүгүнкү күндө Казакстан менен Германия орток жол картасын даярдап жатат. Ал туризм, альтернативалык энергетика тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат. Ал эми, бул өз учурунда казак-немис мамилесин мындан ар тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Фото: zagranportal.ru