«Астана» ЭКБ «жашыл облигацияларды» чыгарат

Дүйнө компанияларынын «Астана» эл аралык каржы борборуна болгон кызыгуусу өсүүдө. Анын ичинде биржанын кызматына суроо-талап байкалып жатат. Ушул багытта каржы борбору «жашыл облигацияларды» чыгарууга даярданып жатат. Аларды сатуудан түшкөн каражат экологиялык долбоорлорго, энергия натыйжалуулугун жогорулатууга, жашыл унаа системасын өрчүтүүгө багытталат. «Астана» эл аралык каржы борборунун башкаруучусу Кайрат Келимбетовдун айтымында, бүгүнкү күндө уюм жигердүү түрдө өнүгүүдө. Ишке аша турган чаралардын катарында инвестициялык салыктык резиденттүүлүк бар. Бул – республикага чет өлкөлүк компаниялардын каржысын тартууга арналган механизм. Ал үчүн Салык кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мерчемделген.

КАЙРАТ КЕЛІМБЕТОВ, АЭКБ БАШКАРУУЧУСУ:

- Чет өлкөдө «Астана» эл аралык каржы борборунун биржасына болгон кызыгуу өскөн. Быйыл чын куран айында ага алгачкы чет өлкөлүк эмитент – орусиялык тоо-кен өндүрүү компанияларынын тобу кирди. Анын акцияларга болгон суроо-талабы таң калтырды, соода-сатыктын алгачкы күнү инвесторлор 17 миллион долларлык суммага компаниянын баалуу кагаздарын сатып алды. Улут мерчеминин 73 кадамына ылайык, каржы борборунун унаалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу тапшырылды. Бул багытта иш жүргүзүлүүдө. Токио менен  аба дарбазасы ачылды. Жакында Шанхай, Нью-Йорк, Сингапур каржы биржаларына аба багыттары ишке кошулат.

Фото: toppress.kz