Чет элдик компаниялар Казакстанда өз катышуусун кеңейтүүдө

Чет элдик инвесторлор Казакстанда ишкерликти колго алууда. Мисалы көптөгөн чет элдик ишкерлер Костанай облусунун экономикасына салым кошууда. Бул жерде чет элдиктердин катышуусу менен 10дон ашык долбоор ишке ашып жатат. Алардын бири казак-кытай биргелешкен трактор заводу. Учурда инвесторлор даяр унаа өндүрүшүнүн көлөмүн кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Ошону менен бирге автокомпоненттерди өндүрүү боюнча ишкана түзүү мерчемделүүдө.

ВУИ, УНАА ӨНДҮРҮШ КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ

- Бул биринчи кезекте, бизге жергиликтүү мазмунду жогорулатууга мүмкүндүк берет. Буга кошо биз окшоштуктарды арттырабыз. Бул жакынкы өлкөрлөргө экспортко тезирээк чыгууга шарт түзөт.

Орусиялык инвесторлор дымактуу мерчемдерди түзүүдө. Алар Казакстанда жүк ташуучу унаалардын тетиктерин өндүрө турган эки завод ачууну көздөөдө. Долбоорго 300 миллион доллар инвестиция салуу каралууда.

СЕРГЕЙ КОГОГИН, УНАА ӨНДҮРҮШ КОМПАНИЯСЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Заводдун биринчи кезегин долбоорлоого тийиштүү жана 2022-жылдын биринчи жарымында Казакстан Республикасынын аймагында эки өндүрүштү ишке берүү үчүн редукторлор заводун долбоорлоо боюнча инжинирингдик компания менен келишимдер аяктайт.

Трактор өндүрүүчүлөрдүн дагы келечекке чоң мерчемдери бар.

СЕРГЕЙ СЕРЕБРЯКОВ, ТРАКТОР ЗАВОДУНУН МҮДҮРҮ:

- Кепилдик жана тейлөө кызмат көрсөтүүдө жетишерлик жакшы деңгээлге көтөрүлөбүз. Кошумча бөлүктөр менен камсыз кылуу, өнөр жайды өнүктүрүүнүн белгилүү бир маселелери боюнча технологиялык компетенцияларды жана технологиялык мектепти түзөбүз, Казакстан Республикасынын аймагында трактор өндүрөбүз.

Инвестиция – өлкө экономикасын өстүрүүчү маанилүү тармак. Казакстандын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, өткөн жылы чет элдик капиталдардын түз агып келүүсү 24 миллиарддан ашык долларды түзгөн. Эми 2025-жылга карата жылдык инвестициянын агымын 34 миллиард доллар америка валютасына чейин жеткирүү каралууда.