Казакстан менен Пакистандын кызматташтыгы

Казакстан менен Пакистан соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга ниеттенүүдө. Бүгүнкү күндө Исламабад өлкө менен болгон эки тараптуу мамилеге өзгөчө маани берет. Айрыкча транспорт, соода, энергетика жана инвестиция тармагына. Пакистан Казакстанга фармацевтикалык өндүрүш товарларын, жашылча жана жер жемиштер, текстильди экспорттоп, казакстандык жабдыктарды, трансформаторлор, көмүр жана металлды импорттойт. Ислам Республикасынын элчиси Имтиаз Ахмад Казинин пикиринде, бүгүнкү күндө өлкөлөр сооданы кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнүлүккө ээ. Мамлекеттер ортосунда түз Аба катнашы буга шарт түзүшү мүмкүн.

ИМТИАЗ АХМАД КАЗИ, ПАКИСТАН ИСЛАМ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

-Эки тараптуу соода алмашуу акыркы жылдары өткөн жылдын теке айынан үстүбүздөгү жылдын кулжа айына чейин 95 миллион долларга жеткен. Өткөн жылдын, 2017-жылдан 2018-жылга чейин Пакистандын экспорту 64 миллион долларды түзгөнүн жана импорт 7,8 миллионго жеткенин белгилеп кетейин. Ал эми биздин өлкөлөр ортосундагы соода алмашуу 72 миллиондун тегерегин түзгөн. Учурда бул сумма 95 миллион АКШ долларына жетип, өткөн жылга караганда 34 пайызга көп.

Учурда Казакстан транспорт-логистикалык “Нурлуу жол” программасын жигердүү ишке ашырууда. Мында биздин өлкөнүн пакистандык Гвадар жана Карачи портторунун кубаттуулугуна өзгөчө чоң кызыгуу бар. Бул өлкө үчүн деңизге чыгуу эле эмес, Жакынкы Чыгыш жана Европага жол ачат.

ИМТИАЗ АХМАД КАЗИ, ПАКИСТАН ИСЛАМ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

-Бизде Пакистан, Казакстан, Кыргызстан жана Кытай менен кол коюлган келишимдер бар. Ал “Транзиттик ташуулар жөнүндө төрт тараптуу макулдашуу” деп аталат. Документ 2003-жылы иштей баштаган. Учурда ага Тажикстан кызыгуу артууда. Алар өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Учурда биз беш катышуучубуз. Менин оюмча, биз келишимдин алкагында жигердүү кызматташуубуз керек. Ошондой эле биз жаңы рынокторго жеткиликтүү Белуджистан провинциясы, Казакстан менен деңизге чыга албаган Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн Пакистандагы Гвадар портун өнүктүрүп жатабыз. Менимче ал Борбор Азия үчүн маанилүү ири порт болот деп ойлойм.

"Бир алкак-бир жол" демилгесинин алкагында Кытай – Пакистан экономикалык коридорунун долбоорун ишке ашыруу жана ага чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул багытта кызматташууну арттыруу өлкөлөр ортосундагы товар алмашууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, - дешет дипломаттар.

Фото: caravan.kz