Казакстан-Жапония: Жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

Казакстан менен Жапония өз ара биргелешип өнүгөт. Негизги багыттардын бири – инвестициялык кызматташтык. Серепчилердин айтуусунда, Казакстан аймагында ишке ашырылган жана келечектеги долбоорлор катары  унаа, энергетика, айыл чарба, логистика, мунай-химия, жеңил өнөр жайы, робот техникасы, ай-ти технологиялар тармактары сунушталган.

Эки тараптын тыгыз кызматташтыгы өз жемишин берүүдө. Мисалы Жапониянын көлөмү жагынан дүйнөдөгү төртүнчү логистикалык компаниясы өлкөдө Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүн ачууну көздөп жатат. Күн чыгыш өлкөсүнүн дагы бир унаа борбору Казакстанда тоо-кен өндүрүшүндө техникалык кызмат көрсөтүү боюнча аймактык борбор куруу маселесин бышыктап жатат. Буга кошо, Жапониянын мунай жана металл боюнча корпорациясы сейрек металдарды жөндөө технологиясын өнүктүрүү багытындагы кызматташтыкты улантууга ниети бар. Жапон банкы менен «Байтерек» улуттук холдинги биргелешип насыя желесин ишке кошту. Жапон ишкерлеринин айтуусунда, алар Казакстан экономикасына каржы салууну улантууга даяр. Ишкерлерди өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртуу чаралары жана чет элдик инвесторлор үчүн жасалган жагымдуу шарттар кызыктырат.

Фото: express-k.kz