Эт өнүмдөрүнө суроо-талап жогору

Казакстан айыл чарба өнүмдөрүнүн, анын ичинде эт экспортунун көлөмүн 2,5 эсеге жогорулатууну максат кылып жатат. Тышкы рынокторго эт экспорттоону жолго салышкан өлкө аймактарынын бири – Актөбө облусу быйыл 4 миң тонна ири кара мал жана 200 тонна кой этин жөнөтүүнү мерчемдөөдө. Бүгүнкү күндө анын жарымына жакыны аткарылган. Орусия, Азербайжан жана Иран өлкөлөрү - негизги керектөөчүлөр.

ПАНАБЕК БИМУРАТОВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Бүгүнкү күнү 2800 тоннага жакын эт өнүмдөрүн чыгарсак,  анын 2200 тоннасы ири кара малдын эти, 100 тоннага жакыны кой эти. 200 тоннага жакын чочко эти Орусияга  жөнөтүлдү.

Түркистан облусунда да экспорттук багыт өздөштүрүлүүдө. Жыл башынан бери жергиликтүү ишкерлер 12 миң тоннадан ашуун этти сырттагы керектөөчүлөргө жөнөткөн. Бүгүнкү күндө облуста миң баштан он миң башка чейин 14 ири кара малды борго байлап семиртүү аянттары бар. Акыркы 7 ай ичинде алар 100 миң тонна эт өнүмүн өндүргөн.

ЛАУРА МАМЫТОВА, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШКЫ АДИСИ:

- Муну менен бирге бизде тоок эти да экспорттолуп жатат. 1100 тонна тоок эти Орусия менен Өзбекстанга жөнөтүлдү. Ошондой эле, европа өлкөлөрүнө 1600 тонна балык эти чыгарылды.

Ал эми Кызылорда облусунда төрт түлүктүн этин тышкы өлкөлөргө тирүү сатуу иши жигердүү жүрүп жатат. Өткөн жылы 100 баш ири кара мал менен 300гө жакын төө Өзбекстанга, 820га жакын кой Иранга экспорттолгон. Быйыл да 300 баш уй, 59 баш төө менен 1600 кой чет өлкөгө сатылды. Алдыдагы эт өнүмдөрүнүн экспортун системалуу жолго салуу үчүн аймакта кубаттуулугу жылына 5 миң тоннаны түзгөн  комбинат салынууда. Көбүнчө эт өнүмдөрүнө суроо-талап Түркия, Араб Эмираттары, Кытай, Орусия жана Иран мамлекеттеринен келип түшөт. Жалпы жыл башынан бери үчтүн айы- чын куран айларынын арасында Казакстан 7,5  миң тонна эт экспорттогон.

Фото: inbusiness.kz