Евразиялык өнүктүрүү банкынын Казакстандагы долбоорлору

Евразия өнүктүрүү банкынын учурдагы инвестициялык портфелинин көлөмүнүн 42%ы Казакстанга туура келет. Эл аралык финансы институту инфраструктуралык өнүктүрүү, энергетика, транспорт чөйрөсүндөгү ата мекендик ишканалардын ири долбоорлорун колдоодо. Мындай ири демилгенин бири "Сарыарка" магистралдык газ түтүгүн куруу. Долбоор Евразия жана Казакстандык реконструкциялоо банкы бөлүп берген каражаттардын эсебинен ишке ашат. Каржы көлөмү эки жүз алтымыш миллион доллар. Азыр негизги иштердин жарымынан көбү бүтүп калды. Ошондой эле Евразиялык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына алтын өндүрүү менен алектенген ата мекендик ишканалар каржылык колдоо алышат.  Долбоордун жалпы наркы 100 миллион долларды түзөт.

АМАНГЕЛДИ ЕСЕНОВ, ЕРӨБНЫН БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

-Бизде приоритеттүү тармактардын тизмеси бар. Бул багытта инфраструктураны, жолдорду, транспорттук энергетиканы өнүктүрүү жүрүп жатат. Азыркы учурда энергиянын кайра жаралуучу булактарына өзгөчө көңүл бурулат. Атайын программа түзүлгөн. Энергиянын альтернативдүү булактарын каржылоо долбоору Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна жөнөтүлгөн. Документтин алкагында банк бул чөйрөнү каржылоого жооп берет. Ошондой эле бизди тоо-кен өнөр жайы да кызыктырат. Мындан ары агроөнөр жай комплексине да приоритет берилүүсү мерчемделүүдө.

Евразиялык өнүктүрүү банкы башкарма төрагасынын орун басары Амангелди Есеновтун айтуусунда каржылана турган долбоорлор эң алды менен жашоо талапка ылайык келиши керек. Эл аралык финансы институту мамлекеттик-жеке өнөктөштүк демилгелерин колдоого даяр. Алар үчүн интеграциялык курамчанын болушу негизги талап саналат.

Фото: inbusiness.kz