Казакстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү

Казакстан экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатты. Бүгүнкү күндө 120га жакын өлкө ата мекендик товарлар менен таанышууга жетишкен. Өлкөнүн айыл чарба өнүмдөрү өзгөчө чет өлкөдө жогорку суроо-талапка ээ. Өткөн жылы болжол менен 12 миллион тонна дан чет өлкөгө жөнөтүлгөн. Ата мекендик дандын негизги сатып алуучуларынын бири – Иран өлкөсү. Келечекте Казакстан Ислам Республикасына 500 миңден 1 миллион тоннага чейин айыл чарба өнүмдөрүн жеткире алат деп күтүлүүдө.

МОХАММАД ВАНТАПУР,ЭКОНОМИСТ:

- Азыркы тапта биздин өлкөдөгү дан тартыштыгы Казакстандын эсебинен чечилип жатат. Бул өлкөдөн келген буудайдын сапаты абдан жогору. Казак өлкөсүнөн биз жүгөрү да сатып алабыз. Өлкөбүздө бул өнүмгө болгон суроо-талап жогору. Жакында казакстандык соя жана андан жасалган өнүмдөр ирандыктардын арасында тааныла баштады. Негизи Иран дан менен өзүн камсыз кылууга жөндөмдүү. Бирок аба ырайынын ыңгайсыздыгы терс таасирин тийгизип келет. Бүгүнкү күндө бул маселенин чечимин биз Казакстан менен орнотулган кызматташтыктын аркасында чечип жатабыз.

Бүгүнкү күндө Иран менен Казакстандын агрардык тармактагы кызматташтыгын ийгиликтүү деп атоого болот. Эскерте кетсек, жакында казак өлкөсүнүн эти менен буудайынын Иранга болгон импорту тууралуу сүйлөшүүлөргө кол коюлган. Ал эми адистердин эсеби боюнча Ирандын ички рыногуна болжол менен 12  миллион тонна дан керек. Өз кезегинде чет өлкөлүк өнөктөштөр түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр.

МОХАММАД ХОССЕЙН АНСАРИФАРД, ИРАН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- Биз айыл чарбасында нано-кошмолорду кеңири пайдаланууну колго алып жатабыз. Мунун менен өсүмдүктөрдүн климаттык өзгөрүштөргө чыдамдуулугу өсөт. Түшүмдүүлүк 2 эсе көбөйүп, сугаруу иштеринде суу аз жумшалат, өсүмдүк зыянкечтерине жана ооруларга туруктуулукка жеткирилет, айыл чарба калдыктарынын көлөмү азаят. Бул нано бөлүктөрдүн көлөмүнө байланыштуу, алар өсүмдүккө жакшы кирет. Казакстандык кесиптештер менен тыгыз байланыш орнотуп, айыл чарбасында нанотехнологияны пайдаланууга жардам бере алабыз деп ойлойм.

Казакстандан бардык дан жеткирүүлөрү темир жол аркылуу ишке ашырылат. Орусиядан келген дан арзан. Ошентсе да, Грузия жогорку сапаттуу казакстандык буудайга кызыктар. Казакстандан келген буудай Орусия менен Азербайжандан өтүп, темир жол аркылуу жеткирилет. Орусиядан келген дан арзан, бирок, грузиндер сапаты жакшы казакстандык өнүмгө куштар.

КЕТИ КУБЛАШВИЛИ, «АГРИКОМ» КОМПАНИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Мындан 5-6 жыл мурун Казакстандан келген буудай импортуна субсидия токтотулгандан кийин акыркы тапта казакстандык өнүм өлкөбүздө атаандаштыкка туруксуз болуп калды. Рыноктун 100 пайызын орусиялык буудай ээлеп алды.  Албетте Грузия үчүн бул ыңгайсыз жагдай. Абалды диверсификациялоо үчүн 2 же 3 жеткирүүчү өлкө болгону жакшы. Ошондуктан Казакстан менен байланышты бекемдөө башкы маселелерден.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Казакстанда дан түшүмдүүлүгү 20 тоннадан ашкан. 2019-жылы фермлерлер ушул көлөмдө эгин жыйноону мерчемдеп жатат. Белгилей кетсек, өлкөдө чарба өнүмдөрүн экспорттоого укугу бар эки миңден ашуун ишкана бар.

Фото: Baq.kz